Маркумду көмүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү бонча колдонмонун долбоорун коомдук талкуудан өткөрүү жөнүндө

2017 жылдын 28-февралында Бишкек шаарындагы Дамас мейманканасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик Комиссия, КРдин Ички иштер министрлиги, КРдин ЖӨБИЭАММАларынын катышуусунда маркумду көмүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча иштелип чыккан Колдонмонун “Инструкциянын” талкуусун өткөрдү. Буга чейин   областарда талкуулар өткөн эле. Борбордогу жыйынтыктоо талкуусуна ар кандай диндик ишканалар, мамлекетик органдар, көз карандысыз диндик эксперттер жана башка кызыктар тараптар катыштыДин иштери боюнча мамлекеттик Комиссиянын директорунун биринчи орун басары Закир Чотаев өз докладында көтөрүлгөн маселенин актуалдуулугуна, анын укуктук маселесине басым жасап, Инструкциянын проектисин кенен тааныштырды. Ал эми КРдин Ички иштер министрлигинин өкүлү Э.Бакиев “КР укуктук жоопкерчиликтер” аттуу олуттуу доклад жасады.   КМДБнын Фата башчысы Равшан ажы Эратов “Маркумду жерге берүү боюнча динний негиздер” темасында мазмундуу доклад жасап, мүрзөлөрдө   маркумдун динине карата бөлүктөрдүн болушун белгилеп өттү.   Аталган иш чарага келген  КР ЖӨБИЭАММАнын өкүлү Н.Ырсалиев жогорку маселе боюнча жергиликтүү органдардын жоопкерчиликтерин жана толук укуктарын  айтып өттү.Эске салсак, 2014 жылдын 3- февралында КРдин коргоо Кеңешинин дин  тармагындагы мамлекеттик саясатты реформалоо жөнүндө Чечими кабыл алынып, ал КР Президентинин Указы менен бекитилген. Ошол эле жылы “Кыргыз Республикасынын 2014-2015 жылдардагы дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты” Концепциясы кабыл алынган. Ага ылайык КР Өкмөтү атайын План иштеп чыккан. Анын 3.6 пунктунда маркумдарды жерге берүүдө алардын диндерин эске алуу менен мүрзөлөрдө жер бөлүшүрүү иштери боюнча көңүлгө тогудай моделди иштеп чыгуу жана эл арасында, дин ишканаларында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралган.Жерге берүү механизмин иштеп чыгуу боюнча Диш иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, ИИМдин, Саламаттык сактоо министринин, КМДБнын   ЖӨБИЭАММАнын, Кыргызстан христиандар чиркөөсүнүн өкүлдөрү катышкан жумушчу топ түзүлүп, талкууланып жаткан Инструкцияны иштеп чыккан эле.Инструкциянын долбоорун  талкуу “Жалпы кызыкчылыкты издөө” аттуу өкмөттүк эмес уюмдун колдоосунда уюштурулду.

Аталган иш-чара Search for common ground бейөкмөт уюмдун колдоосу менен уюштурулган.
 

width=807width=922 

Архив