Диний уюмдардын отчетторунун формалары жана мөөнөттөрү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2015-2020-жылдарга карата диний  чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча анын 2.1 пунктун аткаруу алкагында жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн оптимизациялоо жана өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Дин  иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК)  2017-жылдын  24-январындагы №2 буйругу менен диний уюмдардын отчетунун формасы  жана мөөнөттөрү жөнүндөгү Жобого тиешелүү КР ДИМКнын 2012-жылдын 28-январындагы №4 буйругуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы бекитилген Жободо диний  уюмдар тарабынан бериле турган отчеттук формат жөнөкөйлөтүлгөн жана структуралаштырылган таблица түрүндө кабыл алынды. Ошондой эле, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын атайын электрондук почта дарегине (report@religion.gov.kg) отчетторду электрондук түрдө алдын ала жиберүү мүмкүнчүлүгү каралды.Ушуга байланыштуу, диний уюмдардын отчеттору  жыл сайын 1-мартка чейин электрондук жана бекитилген түрдө КРнын ДИМКына тапшырылат.БУЙРУКЖОБООтчет формалары 

Архив