Пресс-релиз “Кыргыз Республикасында дин таанууну жана диний билим берүүнү реформалоо боюнча Концепциянын долбоорун коомдук угуулардан өткөрүү боюнча”
2017-жылдын  25-26-январында Каракол, Ош, Нарын  жана Жалал-Абад шаарларында 2014-жылдын 14-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер Планын аткаруу алкагында иштелип чыккан Кыргыз Республикасында дин таанууну жана диний билим берүүнү реформалоо боюнча Концепциянын долбоорун презентациялоо жана талкуулоо болуп өттү.Талкуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулуп, ага КР ДИМК өкүлдөрү, теологтор, мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери, эксперттер ж.б. катышышты. Талкуу учурунда ар бир  аймактагы диний кырдаал, дин таануу билими жана диний билимдин айырмасы, учурдагы көйгөйлөр  жана башка маселелер боюнча суроолорго жооп берилип, “Кыргыз Республикасында дин таанууну жана диний билим берүүнү реформалоо боюнча Концепциясынын долбоору” боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Архив