Кыргызстанда дин маселелери боюнча “Ишеним телефону” көз карандысыз маалыматтык-консультативдик борбор ачылат

Актуалдуулугу. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда күнүмдүк нерселерден тарта саясий маселелерге чейинки жашоонун ар кайсы тармактарын камтыган диний мүнөзгө ээ болгон көйгөйлөрдүн актуалдуулугу байкалууда. Дин чөйрөсүндө түзүлгөн либералдуу шарттардан улам өлкөдө 3 миңге жакын диний уюм катталган. Алардын ичинен 2,5 миңге жакынын ислам, 380нин христиан багытындагы уюмдар түзсө, 12 уюм – Бахаи, 1 иудаист жана 1 буддист жамааттарына таандык уюмдар түзүшөт. Бирокбул көпчүлүктүн арасында деструктивдүү мүнөзгө ээ болгон ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгү да байкалууда. Ушуга байланыштуу, дин маселелери жана жарандардын диний негиздеги радикалдашуусун алдын алуу боюнча системалуу түрдө профилактикалык жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү муктаждыгы келип чыгууда.Бул муктаждыкты жоюу максатында, 2016-жылдын 13-декабрынан баштап Кыргызстанда алгачкы иретдин маселелери боюнча “Ишеним телефону” көз карандысыз маалыматтык-консультативдик борбор ачылуу алдында турат. Аталган Борбор жарандарга диний мүнөздөгү ар кандай маселелер боюнча консультативдик кызматтарды көрсөтүүгө багытталган. Бишкек шаарында жайгаша турган бул Борбор бейөкмөт уюмдун техникалык колдоосу менен ачылууда.Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги максаты “Ишеним телефонуна” келип түшкөн сурамдарга же Борбордун эксперттери менен жеке жолугушуу учурунда жарандарга дин маселелери боюнча маалымат жана консультация берүү болуп саналат.Борборго кайрылган жарандарга укук, теология жана психология тармактарындагы квалификациялуу адистер компетенттүү консультативдик жана психологиялык жардамын көрсөтүшөт. Эки адис-оператор “Ишеним телефону” боюнча кайрылган жарандарды дин маселелери боюнча маалымат менен камсыздашат жана керектүү учурда эксперттерден консультация алууга жөнөтүшөт. Жарандарды консультациялоо акысыз негизде жүргүзүлөт. Борбордун кызматкерлери КР диний чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдык негиздерди, дүйнөлүк диндер жана Кыргызстанда иш алып барган диний агымдар жөнүндө маалыматты, психологиялык жактан таасир этүү ыкмаларын, ошондой эле Борбордун ишиндеги функционалдык жоопкерчилик тармактарын камтыган окутуу тренингин аякташкан.Өлкө аймагындагы бардык каалоочулар 1592 кыска номуруна чалуу аркылуу дин маселелери боюнча маалымат жана консультацияларды ала алышат. Мындан тышкары, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин имараты, 2-кабат, 245-кабинет дареги боюнча жайгашкан Борборго келип теолог, юрист жана психологдун консультативдик жардамына, укуктук жана психологиялык колдоосуна ээ боло алышат. Адистердин иштөө убактылары 

Адис ДшШм Шр Бш Жм Иш
Ишеним телефону 10.00–20.0010.00 –20.0010.00–20.0010.00–20.0010.00–20.0010.00–14.00
Теолог13.00-17.0010.00-14.0013.00-17.0010.00-14.0015.00-19.0012.00-14.00
Юрист15.00-19.0013.00-17.0010.00-14.0013.00-17.0010.00-14.0014.00-16.00
Психолог10.00-14.0015.00-19.0015.00-19.0015.00-19.0013.00-17.0010.00-12.00

 %d0%ba%d0%be%d0%bb%d0%bb-%d1%86%d0%b5%d0%bd%d1%82%d1%80-2 

Архив