Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата КР ДИМКнын кызматкерлери Төмөнкү-Серафимовка карылар үйүн зыярат кылышты

1 - Октябрь улгайган адамдардын Эл аралык майрамы. Бул күнү ар бирибиз өзүнүн бүткүл өмүрүн, эмгегин балдарына, неберелерине арнаган карыларга таазимибизди, урматыбызды көрсөтөбүз.Аталган майрамдын маанилүүлүгүн эске алуу менен жана «Улгайган курактагы адамдарга көӊүл буруу жана камкордук» аталышындагы бир айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жамааты тарабынан Төмөнкү-Серафимовка социалдык стационардык мекемесине биринчи кезекте керектелүүчү товарлар, тамак –аш түрүндө колдоо көрсөтүлдү.Жогорудагы мекемеде 360 улгайган курактагы жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашашат. Алардын көпчүлүгү турмуштун оор кырдаалына туш болгондор. Мекеменин кичи пейил медайымдары жана санитарлары аларды камкордука алышкан.Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын кызматкерлери мүмкүнчүлүгүнө жараша келечекте дагы мындай иш - чараларга активдүү колдоо көрсөтүшөт.serofimovka031016_1serofimovka031016_3 

Архив