ПРЕСС-РЕЛИЗ “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Теологиялык колледжди презентациялоо жөнүндө”

2016-жылдын 8-июлунда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Теологиялык колледждин ачылыш презентациясы болду. Презентация учурунда куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөгөндөр: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Т. Ашымбаева, “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Президенти С. Баюми”; Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын Азрети Муфтийи Максат ажы Токтомушев, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Т.А.Абдырахманов болду.

Теологиялык колледждин директору Э.Ш.Бектуров Теологиялык колледждин ишмердүүлүгү жөнүндө презентация кылып жатып, Колледж жалпы светтик билим берүү менен бирге өзүнүн программасына диний мүнөздөгү предметтерди камтыган өлкөдөгү жалгыз билим берүү мекемеси экендигин белгилеп өттү. Теологиялык колледжди бүтүп, мамлекеттик үлгүдөгү дипломду алгандан кийин угуучулар бакалавр программасынын негизинде Кыргыз Республикасындагы каалаган жогорку окуу жайына тапшыра алышат жана жергиликтүү деңгээлде дин кызматкери болуп жумушка орношууга мүнкүнчүлүктөрү бар.

Негизги профессионалдык билим берүү программасынын күндүзгү окуу формасын өздөштүрүүнүн нормалык мөөнөтү:

• жалпы билим берүүнүн негизги базасында (9-класска) – 2 жыл 10 ай;• жалпы орто билим берүүнүн базасында (11-класска) – 1 жыл 10 ай.

Биринчи курста студенттер жалпы билим берүү программасын өздөштүрүү менен 2-3-курстарда дин таануунун жана теологиянын негиздерин окуп үйрөнүшөт. Окуу программа өзүнө дин боюнча жалпы түшүнүк, диндин өнүгүшү жана негизги жаралуу этабы, диний философия, ыйык жазуулар жана башка предметтерди камтыйт.

Окуу программанын негизинде колледждин бүтурүүчүлөрү социалдык-педагогикалык, маданий-агартуучулук, уюштуруучук-башкаруучулук ишмердүүлүктөргө даяр болушат.

2016-жылы жалпы билим берүү мектептерден, негизги жалпы билим алган диний окуу жайларынын угуучуларынан (медреселер) 9-класстын базасына 50 киши алуу пландаштырылган. Документтер 2016-жылдын 20-июлуна чейин кабыл алынат.

Маалымат үчүн:

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Теологиялык колледждин пилоттук проектиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б Буйругу менен “2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын” 6.4 пунктун ишке ашыруу максатында киргизилген. Колледж толук көлөмдөгү бекитилген мамлекеттик стандартты аткаруу аркылуу жалпы билим алууга, ошондой эле Орто Азия жана Кыргызстандагы салтуу исламдын негизин окуп үйрөнүүгө мүнкүнчүлүк түзөт. Колледждин алгачкы түзүлүшү, диний жана светтик сапаттуу билим берүү системасынын түзүлүшүнүн негизи жана диний жаштардын светтик мамлекетти бекемдөөнүн тиреги болуп эсептелет.

Колледждин уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, И.Арабаев атындагы Кыргыз малекеттик университети жана Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы. Колледждеги чогуу окуган окуучулардын саны 27 киши, 15-17 жаштардагы 8 кыз, 19 бала.

Колледж жалпы светтик билим берүү менен бирге өзүнүн программасына диний мүнөздөгү предметтерди камтыган жана мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документ алуу мүнкүнчүлүк түзгөн, өлкөдөгү жалгыз билим берүү мекемеси болуп саналат.

ДИМК Басма сөз кызматы 

koledg080716_3

koledg080716_2 


Архив