ПРЕСС-РЕЛИЗ “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Теологиялык колледжди презентациялоо жөнүндө”

Күнү: 8-июль, 2016-жыл

Өтүлүүчү жери: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

Адреси: Раззаков көчөсү, 51

Дин таануу жана диний билим берүү системасын реформалоо 2014-2020-жылдардагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясат боюнча Концепциясын ишке ашыруудагы эң негизги багыттарынын бири.

Мына ушул коюлган максаттарды ишке ашыруу ирээтинде 2015-жылы Теологиялык колледждин пилоттук модели И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине киргизилген. Теологиялык колледж толук негиздеги мамлекеттик стандартта жалпы билим алууга, Орто Азия жана Кыргызстанга салттуу болгон Исламдын негизги булактарын окууга шарт түзөт. Колледждин түзүлүшү диний жана светтик сапаттуу билим берүүгө жана динчил жаштардын арасында светтик мамлекеттин негиздерин бекемдөөгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Билим берүү жана илим министрлиги, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы колледждин түзүүчүлөрү болуп эсептелишет. Колледжде 15-17-жаштагы 27 улан-кыздар окуйт жана алардын 8 кыз, 19 бала.

Теологиялык колледж өлкөдөбүздөгү программасында диний мүнөздөгү сабактар камтылган бирден бир жалпы светтик билим берген окуу жайы болуп эсептелет жана мамлекеттик үлгүдөгү билими боюнча документ алганга мүнкүнчүлүк түзөт.

Презентация учурунда Теологиялык колледждин биринчи жылдагы иштөөсү жана 2016-2017-жылдарга карата угуучуларды кабыл алуу боюнча маалыматтар сунушталат.

ДИМК Басма сөз кызматы
Архив