Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев бардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.
Иштеги талыкпаган эмгектери жана кесипкөйлүктөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ардак грамотасы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланды:
- Исаева Гүлназ Коңурбаевна, аналитика бөлүмүнүн башчысы;- Пышкин Денис Владимирович, экспертиза жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси;- Эсенов Бөрүмухамед Бектороевич, Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси;- Майлиев Дмитрий Петрович, кадрдык иштер жана каржылоо секторунун жетектөөчү адиси.ДИМК Басма сөз кызматы