ПРЕСС-РЕЛИЗ Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу мамлекеттик – конфессионалдык кеңешти түзүү жөнүндө

2016-жылдын 16-июнунда И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин конференц залында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы , Еврей диний коому жана “Чамсен” будда диний коому жалпы кызыкчылыктын негизинде мамлекеттик – конфессионалдык мамиледе өздүк моделди курууда Мамлекеттик – конфессионалдык кеңешти түзүү келишиминин протоколуна расмий кол коюушту. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Аппаратынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана улуттар аралык мамилелер Мамлекеттик агенттиги жана эксперттер коомчулугунун катышуусунда өткөрүлдү.

Мамлекеттик – конфессионалдык кеңеш кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет жана коомдогу туруктуулукту, мамлекеттик диний жана дин аралык келишимди сактоого, ишенимди, рухту бекемдөөгө багытталган.

Мамлекеттик – конфессионалдык кеңештин негизги максаты болуп жарандардын диний ишенимдерине болгон конституциялык эркиндигин ишке ашыруу, мамлекеттин жана диний уюмдардын кызыкчылык келишимдерине жетишүү жана диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын макулдашуу иш-аракеттерине жетишүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Мамлекеттик – конфессионалдык кеңештин түзүлүшү, катышуучулардын айтуусунда бул тарыхый окуя, анткени Мамлекеттик – конфессионалдык кеңеш мамлекет диний уюмдар менен биргеликте диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө жана реформалоодо бекем тыл болуп, кызмат кылат.

ДИМК Пресс-кызматы 

sovet160616_3

sovet160616_2

sovet160616_4

 

Архив