ПРЕСС-РЕЛИЗ Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиевдин доктор Мухаммад Саид аль-Рошдом менен жолугушуусу

2016-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Азрети Муфтийи Максат ажы Токтомушевдин катышуусунда “Аль-Фуркан” ислам агартуу борборунун генералдык директору жана Куранды орус тилине которуудагы башкы редактор, Аль-Азхар (Египет, Каир) илимий-изилдөө ислам академиясы тарабынан таанылган доктор Мухаммад Саид аль – Рошдом менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында эки тарап ислам укуктук мектебинин негизи жөнүндө жана Куран менен Суннаны түшүндүрүүгө байланышкан карама-каршылыктар ошондой эле, диний агартуу системасын өнүктүрүүнүн зарылчылыгы жөнүндө талкуулашты.

Диний идеологиялык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүнө байланыштуу Мухаммад Саид аль – Рошдом жалпы билим берүү мекемелерине “Дүйнөлүк диндердин тарыхы” предметин киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчи кадрларды даярдоо, кайра даярдоо институту жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Теологиялык колледжге пилоттук проекти киргизүүнүн башталышын колдоду.

Жолугушуунун соңунда эки тарап конфессиялар аралык макулдашуу идеясын түзүүдөгү бирдиктүү иштин маанилүүлүгүн белгилешти жана мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

ДИМК Пресс-кызматы

 

Архив