ПРЕСС-РЕЛИЗ Кыргыз делегациясынын светтик жана диний билим берүү тармагын жайылтуудагы тажрыйба алмашуу максатында Лондон шаарындагы Ага Ханды Өнүктүрүүнү уюштуурууга болгон иш сапары жөнүндө

2016-жылдын 24-29-майында Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын директору башында турган кыргыз делегациясы светтик жана диний билим тармагын жайылтуудагы тажрыйба алмашуу максатында жана заманбап дүйнөдөгү диний маселелер ошондой эле, мусулмандардын өнүгүшүн үйрөнүү максатында Ага Ханды Өнүктүрүүнү уюштуруу жана анын курамдык бөлүктөрүнө иш сапар менен болушту. Делегациянын курамына КР ДИМКнын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ректору, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетине караштуу Теология колледжинин директору жана Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын башкаруучу кадрларды даярдоо, кайра даярдоо институтунун директору киришти.Иш-чара 2015-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер Планынын “диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана светтик дин таануу системасын өркүндөтүү” 5 жана 6-пунктун аткаруу максатында уюштурулуп өткөрүлдү.Иш сапардын алкагында, Кыргызстандын делегациясы Улуу урматтуу Ага хан Ханзада менен жолугушуп, илимий изилдөөлөр жана билим берүүдөгү маселелер боюнча биргеликте кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Мындан тышкары, Великобритания университети жана Ага Хан институттарынын дин тармагындагы диний дициплиналарды жана дин таанууну окутуунун методдорунун изилдөө ошондой эле, диний жана светтик билим берүүдөгү маселелерде тажрыйба алмашуу боюнча семинарлар өткөрүлдү. Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз делегациясы Кэмбридждеги Теологиялык колледжде болушуп, алардын окуу программалары жана иштери менен таанышышты.Иш сапардын жыйынтыгында, дин таануу жана диний билим берүү тармагындагы сунуштар иштелип чыгып, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана бул багытта кызматташууну өнүктүрүүнү максат кылышты.Мындан тышкары, тараптар биргеликтеги проектерди келечекте ишке ашырууга кызыктар экендиктерин билдиришти.ДИМК Пресс-кызматыimg_20160525_140448img_20160525_140119 

Архив