Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы дин таануу жана диний билим берүү боюнча Концепцияны бекитүү жөнүндөгү» проектин талкуулоо

Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдардагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча Концепциянын планынын ишке ашыруу алкагынын негизинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясында жумушчу топ түзүлгөн. Буга мамлекеттик мекемелердин, диний уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер киришкен. Бул жумушчу топ Кыргыз Республикасындагы дин таануу жана диний билим берүү боюнча Концепциянын проектин иштеп чыгышкан.2016-жылы март айында Концепция боюнча талкуу Ош жана Бишкек шаарында уюштурулуп, жыйынтыгында бир катар толуктоолор киргизилген.2016-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы дин таануу жана диний билим берүү боюнча Концепцияны бекитүү жөнүндөгү» проекти боюнча талкуу уюштурду.Бул талкууга мамлекеттик Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясынын, ИИМ, ТИМ, КБА, УКМК, БжИМ, КОСУ, Өкмөттүн Аппаратынын өкүлдөрү катышышты.Талкуунун жүрүшүндө аталган Концепциянын проекти боюнча мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү өздөрүнүн ойлорун жана бир катар сунуштарын айтышты:- жалпы билим берүү мекемелеринде “Дин маданиятынын тарыхы” предметинин негизинде;- дин таануу сабактарын окутууу боюнча пилотттук проекти республиканын бардык мектептерине жайылтуу;- “дин таануу ” багытындагы магистир, доктор, бакалавларды даярдоо.Жыйынтыгында, талкуунун катышуучулары Концепциянын проектин колдошуп кыргыз республикасынын министрлик, ведостволорго макулдашууга жөнөтүү боюнча чечим кабыл алышты. 

Архив