Ош шаары жана Ош областынын Араван районунун калкына профилактикалык – маалымат иш-чарасын өткөрүү

2016-жылдын 25-26-апрелинде Ош шаары жана Ош областынын Араван районундагы калкка диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан Мамлекеттик саясат боюнча маалымат берүү максатында Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин катышуусунда 2014-2020-жылдардагы диний чөйрөдөгү Мамлекеттик саясат Концепциясын ишке ашырууну талкуулоо боюнча семинар өткөрөт.Иш-чаранын жүрүшүндө угуучуларга диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдар боюнча ошондой эле, Кыргызстандагы салттуу ислам жана экстремизм, терроризмди алдын-алуудагы көрүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берилет.Семинарга мамлекеттик органдардын саламаттыкты сактоо, билим берүү, диний уюмдардын өкүлдөрү жана жаштар бирикмелеринен 50 адам катышат. 

Архив